Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

РФ ТИМ жетекчиси Сергей Лавровдун брифинги. Урунттуу учурлар

Тышкы саясат боюнча ведомствонун жетекчиси Батыш менен мурдагыдай карым-катнашты сактоонун зарылдыгы жоктугун белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров эл аралык көйгөйлөр, анын ичинде Украинанын тегерегиндеги маселелер боюнча брифинг берди.
Төмөндө министр токтолгон урунттуу учурларды эске салабыз:
Россия дан эгини боюнча келишимди узартууга эч кандай негиз көргөн жок;
Каховка ГЭСин калыбына келтирүүгө убакыт керек, бул жаатта иштер уланып жатат;
Эгерде Финляндия Россия менен кадимки алака-катышына кайтып келүүнү чечсе, Москва Хельсинкинин НАТОго кирүү арызын эске алып, андан ары мамилелерди аныктайт;
Днепр өзүнүн кадимки нугунда, Каховка ГЭСи жарылгандан кийинки жаралган кесепеттер тездик менен жоюлуп жатат;
Москва согуштук аймактан алынып чыккан балдардын аты-жөнүн жашырбайт, ондогон бөбөктөрдү туугандары алып кетти;
АКШнын Украинадагы лабораториялары боюнча тема жабылган жок. Россия ал жерлерде биологиялык куралдардын иштелип чыгып жатканы боюнча маалыматтарды таап берүүнү улантууда;
Батыш менен мурдагыдай карым-катнаштарды сактоонун зарылдыгы жок.
"Чынын айтсам, Батыш украиналык нацисттик режимдин колу менен бизге согуш жарыялаганга чейинки учурдагыдай дагы мамилелерди сактоонун кереги жок деп ойлойм", — деди ал.
Батыш Украинанын согуштук күчүн бекемдеп алуу үчүн убакыттан пайдаланып калууга аракеттенип жатат.
"Менин баамымда, алар чатакты убактылуу тоңдуруп коюп, убакыттан утуп, анын ичинде Украинаны кайрадан курал-жаракка толтурууга аракет кылууда", — деген Лавров.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Лавров: Батыш үстөмдүгүн сактоо үчүн согуштун кийинки этабына даярданууда