БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Өзбекстанда КМШга мүчө мамлекеттердин "Шериктештин балдары" аттуу сегизинчи эл аралык маданий-билим берүү форуму башталды. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан басылмасы жазды.
Иш-чара Ташкент облусундагы "Семург" лагеринде өтүп жатат. Ал балдарды жана жаштарды коңшулук кызматташтыкка тарбиялоо үчүн эл аралык платформаны түзүү максатында уюштурулууда.
Быйыл форумга Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандан 14 жаштан 17 жашка чейинки мектеп окуучулары (ондон) жана алардын насаатчылары катышууда.
Өзбекстанда КМШга мүчө мамлекеттердин "Шериктештик балдары" аттуу сегизинчи эл аралык маданий-билим берүү форуму башталды
© Фото / Пресс-служба Сената Олий Мажлиса
Форумдун алкагында Жаштар парламентинин мүчөлөрү менен жолугушуу уюштурулат.
"Быйыл форум бекеринен "Замандын жана муундардын ажырагыс байланышы" деп аталбаса керек. Анткени кылымдардан бери келе жаткан илим, агартуу, жакшылык идеяларын байытып, мыкты иштерди жасап, улуу чыгармаларды жаратып, теңтуштарды бириктирип турган силерсиңер", — деп билдирди Өзбекстан парламентинин Жогорку палатасынын төрайымы Танзила Нарбаева форумдун катышуучулары менен болгон жолугушуусунда.
Катышуучуларды ошондой эле Беларустун Улуттук жыйынынын республика кеңешинин төрагасы Наталья Кочанова жана КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын башкы катчысы, кеңештин катчылыгынын жетекчиси Дмитрий Кобицкий куттуктады.
Форумдун ар бир күнү тигил же бул өлкөнүн маданиятына жана тарыхына арналган. 29-июлга чейин улана турган долбоордо жаштар спорттук оюндарга, саякаттарга, дебаттарга, чыгармачылык семинарларга, квесттерге жана музыкалык флешмобдорго катышат.
Катышуучулардын арасында балдардын укугу жана милдети, экология, эл аралык кызматташуу, маданият жана туризм тууралуу талкуулар өтөт.
Өзбекстандын делегациясы өзүнүн презентациясын көрсөттү. Катышуучулар өзбек улутунун баалуулуктарын жана маданиятын чагылдырган кол өнөрчүлөрдүн иштери менен таанышты. Ошондой эле Жаштар парламентинин өкүлдөрү менен жолугушуу өттү.
Мындан тышкары, форумдун катышуучулары парламенттин өкүлдөрү менен жолугушат. 2013-2022-жылдары өткөн бул долбоорго жалпысынан КМШ өлкөлөрүнүн 800дөй окуучусу катышкан.