БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Евробиримдик өз аймагындагы Россиянын тоңдурулган активдеринен түшкөн ашыкча пайданы Украинага жардам катары берүү ниетинде. Бул жылына үч миллиард евронун тегерегинде экенин Бельгиянын премьер-министри Александр де Кроо Брюсселдеги саммитте айткан.
РИА Новости Россиянын тоңдурулган активдери боюнча дискуссияда Бельгия өзгөчө роль ойногондугун жазды.
"ЕБде тоңдурулган Россиянын каражаттарынын 90 пайызы аталган мамлекетте. Бул акчалардын Украинаны калыбына келтирүүгө жумшалышы биз үчүн маанилүү. Ашыкча кирешеге таянып турабыз. Кеп жылына түшүшү мүмкүн болгон үч миллиард евро туурасында жүрүп жатат", — деген ал журналисттерге.
Де Кроонун айтымына караганда, ЕБ мамлекеттерине Евробиримдиктин финансылык туруктуулугуна зыян келбегендей юридикалык механизмдерди колдонуу керек болот.
ЕБ лидерлери былтыркы жылдын октябрь айынан тарта Еврокомиссияга Россиянын тоңдурулган активдерин Украинаны кайра калыбына келтирүү үчүн колдонууга тапшырма беришкен. Февраль айында ЕБдеги маалымат булагы журналисттерге Брюссель Россиянын Борбордук банкынын активдерин Украинаны кайра калыбына келтирүү үчүн конфискациялабай, инвестиция катары колдонууну карап жаткандыгын түшүндүрүп берген.
Батыш мамлекеттери Украинаны денацификациялоо жана демилитаризациялоо башталгандан кийин Москвага санкциялык басымды күчөттү. Жүз миллиарддаган долларлар тоңдурулду. Мындай кадамдарды Киев да жасады, активдерди сатуудан түшкөн каражатты коргонуу тармагына жана кайра калыбына келтирүүгө жумшоону чечкен.
Украинанын Юстиция министрлигинин санкциялык саясат боюнча башчысы Инна Богатых Украинада санкцияга кабылган россиялык 250 юридикалык жана жеке тараптар бар экенин, алардын активдери мамлекетке мажбурланып алынарын билдирген.
Россия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова муну уурулук деп атаган. Борбордук банктын башчысы Эльвира Набиуллина Россия бийлиги эл аралык резервдерди тоңдурууга каршы доо арыздарды даярдап жатканын айткан.