Чет элдиктер үчүн Бишкек эң арзан шаарлардын бири деп табылды

Тизме ондогон факторлорду салыштыруунун негизинде түзүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Бишкек чет элдиктердин жашоосу үчүн эң арзан шаарлардын бири экени Mercer эл аралык консалтинг компаниясынын изилдөөсүндө айтылды.
Эң кымбат шаарлардын сап башына Гонконг чыкты. Алдыңкы үчтүккө ошондой эле Сингапур жана Цюрих кирди.
Рейтингде Бишкек 224-орунда турат. Ал эми тегерек-четтеги башка шаарларга үңүлсөк, көрсөткүч төмөнкүдөй: Таллин (100-орун), Ереван (141), Баку (177), Минск (182), Алматы (208), Ташкент (218), Душанбе (223).
Тизме турак жай баасы, транспорттук чыгымдар, тамак-аш, кийим-кече, тиричилик буюмдары жана көңүл ачуу сыяктуу ондогон факторлорду салыштыруунун негизинде түзүлгөн.
Кыргызстан өзбекстандыктар үчүн эң башкы туристтик багыт болуп калды