Эртең Бишкектин борбордук көчөсү убактылуу жабылат

Бул "Ала-Тоо" аянтында “Чек талап кылып, байге утуп ал!” лотереясынын баш байгеси ойнотуларына байланыштуу.
Sputnik
БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. 1-июль күнү Бишкек шаарындагы Чүй проспектиси Панфилов көчөсүнөн Эркиндик көчөсүнө чейин убактылуу жабык болот. Бул тууралуу шаардык мэрия маалымдады.
Жогоруда көрсөтүлгөн бөлүктө саат 18:00дөн түнкү саат 00:00гө чейин унаа менен жүрүүгө болбойт.

"Эртең "Ала-Тоо" аянтында “Чек талап кылып, байге утуп ал!” лотереясынын баш байгеси ойнотулат", – деп айтылат маалыматта.

Мэрия жашоочуларды маршруттарын алдын ала пландап алууга чакырды. Белгилей кетсек, баш байгеге 10 электромобиль жана чет өлкөгө 3 жолдомо коюлган. Мындан тышкары, иш-чараны көрүүгө келгендердин арасында кошумча 15 смартфон ойнотуларын Салык кызматы билдирди.
Арча-Бешик конушуна ичүүчү суу берүүнүн июлга карата графиги