Чек ара чырында курман болгон Жанибек Якубовго эстелик тургузулду

Демилгени маркумдун айылдаштары көтөргөн.
Sputnik
БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Кыргыз-тажик чек ара чырында курман болгон Жанибек Якубовго эстелик тургузулду. Бул тууралуу президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билдирди.
Маалыматка ылайык, эстелик Лейлек районунун Мурас айылына тургузулган, бүгүн анын ачылышы өттү.
Иш-чарага президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн аппарат жетекчиси Алихан Ураимов, Лейлек районунун жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Якубовдун жакындары, айылдаштары катышты.

"Жанибек Якубов Куралдуу күчтөрдүн катарында аскердик кызматын өтөп, акыркы алты жылда Мамлекеттик чек ара кызматында иштеген. Ал 2022-жылдын 17-сентябрында кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда баатырларча курман болгон. 25 жаштагы жигиттин эрдигин түбөлүккө эстен чыгарбоо максатында айылдаштары анын эстелигин тургузуу демилгесин көтөргөн", — деди өкүлчүлүктөн.

Маалыматта айтылгандай, Якубовдун айылдаштарынын демилгесин Кең-Талаа айыл аймагынын жетекчилиги колдоого алып, эстелик тургузулган.
Эстеликтин ачылуу аземине катышкандар аны тарбиялап өстүргөн ата-энесине таазим кылып, уулунун эрдиги сыймык менен айтыларын белгилешкен.
Якубов үй-бүлөдө беш бир туугандын кичүүсү болгон.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Чек арага чептей туруп курман болгон кыргыздын кыраандары