Жогорку Кеңештин VII чакырылышы каникулга тарады

Sputnik
БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын экинчи сессиясы бүгүн, 29-июнда, жыйынтыкталды.
Эл өкүлдөрү соңку иш күнүндө 50 мыйзам жана токтом долбоорлорун кабыл алышты.
Каникул сентябрга чейин созулат. Бирок өлкөдө олуттуу маселе жаралып кала турган болсо, депутаттар кезексиз жыйынга чогулат.
Прокуратураны тергөө укугунан ажыратуу. ЖК мыйзам долбоорун кабыл алды