БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. УКМК Жалал-Абад облусунун аймагында мыйзамсыз иштеп жаткан мечиттердин ишмердүүлүгүн текшерүү үчүн атайын комиссия түзүлгөнүн кабарлады.
Маалыматта теологиялык билими жок адамдар имам болуп алган, өз ишин муфтияттын макулдугусуз жүргүзгөн мечиттерде экстремисттик идеологияны пропагандалоону аныктоо боюнча комплекстүү иш-чаралар тынымсыз жүргүзүлүп жатканы айтылат.
УКМКнын демилгеси менен түзүлгөн комиссиянын курамында өз алдынча башкаруу органдарынын, ИИБдин, "Кадастр" ишканасынын, ӨКМ, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун жана муфтияттын кызматкерлери бар.
"Комиссия муфтият менен Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын каттоосунан өтпөгөн 60 мечит аныктады. Сузакта 33, Базар-Коргондо эки, Ноокенде беш, Аксыда үч, Чаткалда беш, Токтогулда бир, Тогуз-Тородо жети, Жалал-Абадда үч жана Майлуу-Сууда бир мечит мыйзамсыз иштеп жаткан", — деп айтылат маалыматта.
Комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен 11 мечит каттоодон өтүү үчүн тиешелүү документтерин даярдаган.
УКМК мыйзамсыз иштеп жаткан мечиттер жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, Архитектура башкармалыгынын, муфтияттын макулдугусуз өз алдынча курулганын ачыктады. Комиссиянын чечими менен эми жаңы мечиттердин курулушун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, муфтият көзөмөлдөй турган болду.