БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. АКШнын Жээктеги куткаруу кызматы Атлантика океанына чөгүп кеткен "Титан" батискафындагыларга тиешелүү болушу мүмкүн деген сөөктөрдү тапты. Бул туурасында РИА Новости билдирди.
Эми медиктер "трагедия болгон жердеги сыныктардын алдынан дыкаттык менен кургакка алып чыгылган" сөөктүн бөлүктөрү кимдерге тиешелүү экендигин изилдеп чыкмакчы.
"Мен бул маанилүү далилдерди оңой болбогон, экстремалдуу тереңдиктеги калыбына келтирүүдө, чачыратып жибербей сактоодо көрсөтүлгөн эл аралык жана ведомство аралык ар тараптуу жана биргелешкен колдоолор үчүн ыраазылык билдирем", — деген "Титандын" талкаланышы боюнча комиссиянын башчысы, капитан Жейсон Нойбауэр.
Буга чейин Атлантика океанында "Титан" экипажына таандык батискафтын бардык экипажы каза болгонун OceanGate Expeditions компаниясынан билдиришкен.
Айтылуу "Титаник" чөккөн жерге, океандын түбүнө туристтерди алып барып жүргөн OceanGate Expeditions компаниясынын кемеси 18-июнда сууга кирген соң 45 мүнөттөн кийин жок болуп кеткен.
"Титаник" кемеси чөккөн жерди көрүүгө кеткендердин курамында британиялык миллиардер Хамиш Хардинг, суу алдындагы изилдөөлөрдүн ардагери, франциялык Поль-Анри Наржеоле, "Титаниктин" калдыктарын көрүү боюнча экскурсиялык экспедицияларды уюштурган америкалык компаниянын негиздөөчүсү Стоктон Раш жана пакистандык бизнесмен Шахзада Давуд менен анын уулу Сулейман Давуд болгон.