Прокуратураны тергөө укугунан ажыратуу. ЖК мыйзам долбоорун кабыл алды

Жаңы мыйзам кабыл алынса, ал иштер тиешелүүлүгүнө жараша ИИМ менен УКМКга өткөрүп берилет.
Sputnik
БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңеш прокуратура органын тергөө ыйгарым укуктарынан ажыратуу боюнча мыйзам долбоорун кабыл алды.
"Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" конституциялык мыйзамга түзөтүү киргизүү чечими үч окууда кабыл алынды. "Мыйзам долбоору прокурордук көзөмөлдүн чегинен чыккан, анын ичинде Кыргызстандын Баш мыйзамынын айрым ченемдерине карама-каршы келген прокуратура органдарынын ыйгарым укуктарын алып салуу максатында даярдалган. Тагыраагы, тергөө жүргүзүү боюнча прокуратура органдарынын функцияларын алып салууга багытталган", — деп айтылган маалыматта.
Мыйзам долбоору президенттин кол коюусуна жөнөтүлдү.
Белгилей кетсек, 2021-жылы жаңы Конституция кабыл алынгандан кийин президент тарабынан сунушталып, Башкы прокуратура кылмыш ишин тергөө укугуна ээ болгон. Жаңы мыйзам кабыл алынса, ал иштер тиешелүүлүгүнө жараша ИИМ менен УКМКга өткөрүп берилет.
Прокуратурадан тергөөнү алып салуу мыйзам долбоору биринчи окуудан өттү