Олимпиада-2024 алдында күрөш боюнча лицензиялык турнирлердин бири Бишкекте өтөт

Олимпиадага тандоо турлары Бишкекте, Акапулькодо, Бакуда, Каирде жана Стамбулда болмокчу.
Sputnik
БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Бишкек шаарында күрөш боюнча лицензиялык континенталдык турнирлердин бири өтүп, анын жеңүүчүлөрү 2024-жылы Парижде болчу жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо алышат. Бул туурасында Бириккен күрөш дүйнөсүнөн билдиришти.
Жайкы Олимпиада оюндарына тандалуучу турнирлер:
Азия — Бишкек (Кыргызстан);
Европа — Баку (Азербайжан);
Панамерикалык турнир — Акапулько (Мексика);
Африка жана Океания — Каир (Египет).
Ар бир турнирде 36дан квота ойнотулат. Мындан сырткары, дагы 54 лицензия Стамбулдагы дүйнөлүк турнирде өзүнүн ээсин табат.
Белгилей кетсек, Париж Олимпиадасына алгачкы жолдомолор сентябрда Белград калаасында өтө турган күрөш боюнча дүйнө чемпионатында ойнотулат.
Экстремалдуу спортту сүйгөн кыргызстандыктар Россиядагы форумга чакыруу алды