Нарындагы "Кыргыз шырдак" фестивалынан кереметтүү 15 сүрөт

Нарында "Кыргыз шырдак" III эл аралык фестивалы өттү. Sputnik Кыргызстан агенттигинин сүрөт түрмөгүнөн иш-чарадан тартылган кадрларды көрүңүз.
Sputnik
Фестиваль As a Nomad жаңы этнокомплексинде өттү. Ага республиканын чар тарабынан 100дөн ашык эң мыкты уздар, кол өнөрчүлөр, зергерчилер келишти.
Фестивалдын алкагында көргөзмө-жарманке уюштурулду. Иш-чаранын катышуучулары кол өнөрчүлүк боюнча мастер-класстарга катышты.
1 / 15

Нарында "Кыргыз шырдак" III эл аралык фестивалы өттү

2 / 15

Фестивалдын катышуучулары ун азыктарынан жасалган таттууларды даамдап көрүп жатышат

3 / 15

Уздар шырдак шырып жатат

4 / 15

Нарындагы "Кыргыз шырдак" эл аралык фестивалдын катышуучулары

5 / 15

Уздардын тобу 60 чарчы метрлик тегерек шырдакты көргөзмөгө коюшту

6 / 15

Уз чийден килем токуп жатат

7 / 15

Жерге шырдактын түрү жайылды

8 / 15

Зергер улуттук зер буюмдарын көрсөтүүдө

9 / 15

Жарманкеде өзгөчө кымыз берилди

10 / 15

Шырдак — бул кийизден жасалып, улуттук орнаменттер түшүрүлгөн кыргыздардын килеми

11 / 15

Ормок кармаган кыз

12 / 15

Фестивалдын алкагында ат оюндары дагы көрсөтүлдү

13 / 15

Шырдак 2012-жылы ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине кирген

14 / 15

Улуттук кыз куумай оюну

15 / 15

Фестивалдын алкагында "Кыргыз шырдак", "Мурас шырдак" кароо-сынактары, "Жаш уздарды тандоо" сынагы, "Устат-шакирт" чебер-класстары уюштурулган