MegaCom компаниясынын мурдагы башчысы 9-августка чейин камакка алынды

Башкы директорлук кызматта эки жолу отурган Базаркулов кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мамлекетке миллиондогон чыгым келтирген деп шектелип жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. "Альфа Телеком" (ал кездеги MegaCom, азыркы MEGA) компаниясынын мурдагы башкы директору Азат Базаркуловду УКМКнын убактылуу тергөө абагына 9-августка чейин киргизишти. Бул туурасында Биринчи май райондук сотунан кабарлашты.
Фемида өкүлдөрү чечимди 27-июнда кабыл алган.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет мамлекеттик сатып алуулар боюнча мыйзам бузулган фактыларды таап чыккан. Иликтөө Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренеси ("Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу") боюнча жүргөн. Аталган ишкананын жооптуу адамдары жеке компания менен жең ичинен сүйлөшүп алып, "аларга артыкчылык берилген шарттарды түзүп, тендерде жеңгенге мүмкүнчүлүк жаратышканы" айтылды. Мунун кесепетинен мамлекет бир топ миллиондук чыгым тарткан.
Бул кылмышка шектүү катары ал кезде "Альфа Телекомду" эки ирет — 2012-2018 жана 2021-2022-жылдары башкарып турган Базаркулов кармалган.
MegaCom компаниясынын мурдагы башчысы кармалды