Маевка — Бишкек жолунда жеңил машина кырсыктап, үч өспүрүм каза тапты

Окуянын кесепетинен үч жүргүнчү набыт болсо, экөө ооруканага түшкөн. Айдоочу мас болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Маевка — Бишкек жолунда жеңил машина кырсыктап, үч адам каза тапты. Бул тууралуу Чүй ОИИББ боюнча ЖКККБнын маалымат кызматы кабарлады.
Окуя 27-июнь күнү саат 21:45 чамасында болгон. Анда Toyota Caldina үлгүсүндөгү автоунааны башкарып бара жаткан 20 жаштагы А.У.А. жолдун 29-чакырымында рулду башкара албай калып, бетонду сүзүп алган. Ал мас абалында болгон деп айтылды.
Кырсыктын кесепетинен 14 жаштагы Б.А.З., 16 жаштагы Н.Н., 17 жаштагы С.З.Б. аттуу жүргүнчүлөр каза болду. Ал эми 17 жаштагы И.Ш.Ж. менен И.А. аттуу жүргүнчүлөр Сокулук районунун аймактык ооруканасына жаткырылган.
Самарадагы кишилер каза тапкан кырсык: эки айдоочу тең кыргызстандык болгон