Акылбек Жапаров: Кыргызстан жакыр өлкө синдромунан арылды

Министрлер кабинетинин төрагасы Креативдүү индустриялар паркынын ачылышында сүйлөп жатып, бул жер "идеялар жаралып, стартаптар башталган" жайга айланышы керектигин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Бийлик өлкөнүн стабилдүүлүгүн жана туруктуу өсүшүн камсыздай алды. Мындай пикирин министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Креативдүү индустриялар паркынын ачылыш салтанатында сүйлөп жатканда айтты.
1 / 5

Бийлик өлкөнүн стабилдүүлүгүн жана туруктуу өсүшүн камсыздай алды

2 / 5

Мындай пикирин министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Креативдүү индустриялар паркынын ачылыш салтанатында сүйлөп жатканда айтты

3 / 5

Өкмөт башчы Кыргызстан калкынын саны курагы боюнча алып келгенде жарымына жакыны жаштар экенин белгиледи

4 / 5

Өкмөт башчы Креативдүү индустриялар паркы "идеялар жаралып, стартаптар башталган" жайга айларына ишеним артты

5 / 5

МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров: Бүгүнкү күндөн баштап биз Креативдүү индустриялар паркын ишке киргизүү менен байланышкан өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүнүн жаркын жана келечектүү этабын баштайбыз

"Президент баш болгон министрлер кабинети Кыргызстан көздөгөн нерсесин — биз өлкөбүзгө карата бардык стереотиптерди жок кылып, кедей өлкө синдромунан арыла аларыбызды далилдей алдык", — деди ал.
Өкмөт башчы Кыргызстан калкынын саны курагы боюнча алып келгенде жарымына жакыны жаштар экенин белгиледи.
"Креативдүү индустриялар паркы дүйнө жүзүндөгү таланттуу, идеяларга жана энергияга бай адамдарды чогултат. Мамлекет мындан ары да "Жаратман Кыргызстан" брендин жайылтуу үчүн шарттарды түзүп, атуулдардын чыгармачылык мүмкүнчүлүгүн ачууга жана популярдуу инновациялык продукцияны түзүүгө көмөк көрсөтөт", — деди Жапаров.
Өкмөт башчы Креативдүү индустриялар паркы "идеялар жаралып, стартаптар башталган" жайга айларына ишеним артты.
Кыргызстандык студенттердин идеясын ЕАЭБдин өкмөт башчылары колдоду