БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Акыркы күндөрү Кыргызстандын эки аймагында сегиз жашар бала жана 12 жаштагы кыз сууга чөгүп кетти. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
Биринчи кырсык мурдагы күнү, 27-июнда, болгон. Кадамжай шаары аркылуу өткөн Ак-Суу дарыясына түшүп кеткен тестиерди түнү менен 13 куткаруучу, ИИМдин 25 кызматкери жана жергиликтүү 30га чукул тургун издеген. Алар сөөктү таап, туугандарына тапшырышкан.
Экинчи окуя кечээ Ысык-Ата районундагы Төмөнкү Серафимовка айылында болгон. К.А. аттуу өспүрүмдүн сөөгүн Нооруз каналынан куткаруучу жана жергиликтүү тургундар таап, ата-энесине өткөрүп беришкен.