Израилде кыргыз элине арналган ыраазычылык ташы орнотулду. Сүрөт

Израилге Кыргызстандан делегация барып, бир катар маселелер талкууланды.
Sputnik
БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Израилде Экинчи дүйнөлүк согушта еврей үй-бүлөлөрүн баш калкалаткан кыргыз элине арналган ыраазычылык ташы орнотулду. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
1 / 2

Израилде Экинчи дүйнөлүк согушта еврей үй-бүлөлөрүн баш калкалаткан кыргыз элине арналган ыраазычылык ташы орнотулду.

2 / 2

Анын ачылыш аземине аталган министрликтин жетекчиси Кудайберген Базарбаев катышты.

Анын ачылыш аземине аталган министрликтин жетекчиси Кудайберген Базарбаев катышты.
"Кыргызстанда эки адамдын ысымы эркиндиктин символу болуп калды. Токтогон Алтыбасарова 16 жашында эвакуацияланган 150 баланы багып алган. Эстер Зингер эвакуациянын бардык кыйынчылыктарын башынан өткөргөн миңдеген баланын символу болуп калды. Тилекке каршы, Эстер көптөгөн башка бөбөктөрдөй эле жолдон чарчап калган. Стретенка деген кыргыз айылында Эстердин ташы орнотулган. Ал ошол жылдары да, бүгүнкү күндө дагы биздин биргеликте экенибизди билдирет", — деген Базарбаев.
Белгилей кетсек, министр Израилде иш сапары менен жүрөт. Ал кесиптеши менен кыргызстандыктардын бул өлкөдө жумушка орношуу мүмкүнчүлүгүн талкуулаган. Делегациянын курамында билим берүү министринин орун басары Расул Авазбек уулу да бар.
Түркиядагы элчи Руслан Казакбаев эми өлкөнүн кызыкчылыгын Израилде да коргойт