Эртең Ысык-Көл облусунда "Асман" шаарынын курулушу башталат. Видео

"Акылдуу", коммерциялык, спорттук жана көңүл ачуучу болуп төрт зонага бөлүнгөн "Асман" 500 миң калкка ылайыкталган.
Sputnik
БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Эртең Ысык-Көл облусунда "Асман" шаарынын курулушу башталат.
Президенттин администрациясы бул боюнча видео жарыялады. Анда Кыргызстандагы ири курулуштардын бири болгон бул калаанын келечекте кандай болору көрсөтүлгөн. Тагыраагы, "акылдуу", коммерциялык, спорттук жана көңүл ачуучу болуп төрт зонага бөлүнөт. 500 миң калкы бар инновациялык шаар болмокчу.
Экошаар "Ысык-Көл" аэропортунан анча алыс эмес жерге, Көлдүн түштүк жагына (Кош-Көл менен Чырпыкты айылдарына жакын) 7-10 жылдын ичинде курулмакчы.
Садыр Жапаровдун айтымында, шаарга бюджеттен бир тыйын да сарпталбайт, бардыгына инвесторлордун акчасы жумшалат.
Жапаров: "Асман" шаарын беш жылда куруп бүтүшүбүз керек