Жогорку Кеңеш полиэтилен баштыкка тыюу салган мыйзам долбоорун жактырды

Документ полимердик материалдардын ден соолукка жана айлана-чөйрөгө зыяндуу таасирин азайтуу максатында иштелип чыкты.
Sputnik
БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Парламент полиэтилен баштыктарын Кыргызстандын аймагына ташууга, өндүрүүгө жана сатууга тыюу салган мыйзам долбоорун жактырды.
Ага ылайык, мындай баштыктарды 1-январдан тарта өндүрүүгө, 1-июндан баштап сатууга жана таратууга тыюу салынат.
Полимер пленкасынын ордуна жерге сиңип жок болуп кеткен биобаштыктарды колдонуу каралууда.
Мыйзам долбоорунун демилгечиси — депутат Марлен Маматалиев. Документ полимердик материалдардын ден соолукка жана айлана-чөйрөгө зыяндуу таасирин азайтуу максатында иштелип чыкканы айтылды.
Бийлик буга чейин полиэтилен баштыктарын кагазга өткөрүүнү пландап жатканы айтылган. Белгилей кетсек, мындай эреже Ысык-Көлдүн дүкөндөрүндө акырындык менен иштей баштады.
Депутаттар 3 жашка чейинки балдардын баарына жөлөк пул берүүнү сунуштады. Шарты