Маселен, Россиянын борбору Москвадагы мечиттерге 200 миңдей мусулман келди.
Ал эми Кыргызстандын ар бир дубандарында мусулмандар намазга жыгылып, ибадаттарын аткарып, айттоо жөрөлгөсүн жасашты.
Курман айт — мусулмандар дүйнөсүндөгү зор мааниге ээ майрамдардын бири. Бул күнү мүмкүнчүлүгү барлар курмандык чалышып, парздарын аткарышат. Адамдар бул күнү өзүнүн мүлкүнүн эсебинен мал соет.
Курмандык чалуу амалдары менен өзгөчөлөнгөн, элдин биримдигин бекемдөөгө себепчи болгон бул майрам мусулмандардын руханий казынасында өзгөчө орунду ээлейт.
Бүгүн дүйнөдө — Россияда жана жакынкы чет өлкөлөрдө миллиондогон адамдар Курман айтты белгилешти.