Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Зеленскийдин кеңсеси контрчабуул оор өтүп жатканын моюндады

Украинанын бир нече багыт боюнча чабуулу 4-июнда башталган.
Sputnik
БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн контрчабуулу оор өтүп жатат жана чоң чыдамкайлыкты талап кылат. Бул тууралуу The Washington Post газетасына Владимир Зеленскийдин кеңсесинин башчысынын кеңешчиси Михаил Подоляк билдиргенин РИА Новости жазды.
"Бул этап оор экенин айтабыз жана байкоочулар тараптан дагы сабырдуулукту талап калат", — деген Подоляк.
Шейшемби күнү Россиянын президенти Владимир Путин Киев контрчабуул баштагандан бери 259 танк жана сооттолгон 780 техникасын жоготконун, ал эми Орехово багыты боюнча акыркы жумада эле 41 танк жана 102 ок өтпөс машина жок кылынганын билдирген.
Украинанын Запорожье фронтунун Түштүк Донецк, Орехово, Васильев жана Артемовск багытындагы чабуулу 4-июнда башталган. Анткен менен негизги сокку Запорожье фронтуна урулган болчу. РФ президенти Владимир Путин Украина контрчабуулга өткөнүн, бирок бир да жерде ийгиликке жетпегенин билдирген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украина колдонгон америкалык сооттолгон техника олжолонду. Видео