БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Россиядагы окуялардын НАТОго тийгизчү кесепеттери тууралуу тыянак чыгарууга али эрте, бирок альянс даяр жана кыраакылыгын сактап турат. Бул туурасында НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг айтканын РИА Новости жазды.
"Ал эми козголоңдун тийгизген таасири, биз акыркы күндөрү Россияда байкаган окуялар, анын узак мөөнөттүү кесепети, анын ичинде НАТО үчүн кесепеттери туурасында тыянак чыгарууга али эрте. Окуянын кандай өнүгөрүн байкап турабыз. Даярдыгыбызды арттырдык, Чыгыш флангада күчүбүздү бекемдедик, жамааттык коргонууну күчтөндүрүү боюнча алдыда дагы кошумча чечимдерди кабыл алабыз", — деген ал Гаагадагы маалымат жыйында.
Столтенберг "мындай чечимдер Вильнюста боло турган саммитте күтүлүп жатканын" белгилеген.
2023-жылы 24-июнга караган түнү "Вагнер" аскердик жеке компаниясы Ростов-на-Дону аймагында аскердик түштүк округдун штабын басып алган. Мындай аракет Евгений Пригожиндин аталган топко Куралдуу күчтөрдүн соккусу тууралуу сөзүнөн кийин жасалган. Коргоо министрлиги да, ФСБ да муну дароо четке каккан.
РФ президенти Владимир Путин "вагнерчилердин" кылыгын кылмыш, криминалдык авантюра, Россиянын артына бычак саюу жана чыккынчылык деп атаган. Козголоң уюштурганы үчүн Пригожинге иш козголгон. Кийинчерээк Беларусь президентинин маалымат кызматы Александр Лукашенко Пригожин менен сүйлөшүп, "Вагнер" тобунун Россия аймагында ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча макулдашканын кабарлады. Ошол эле күнү кечинде РФ лидеринин маалымат катчысы Дмитрий Песков Пригожин Беларуска кетип, кылмыш иши токтотуларын билдирип, буга Россия президентинин сөзү кепил экенин айткан.