Түндө Париждин четинде уландын өлүмүнөн кийин башаламандык чыкты. Видео

ЖМКлар жазгандай, бала жолдо текшерүү маалында укук коргоочуларга каршылык көрсөткөндө атып өлтүрүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Франциянын Нанте шаарында жана Париждин башка чет жакаларында полиция 17 жаштагы уланды өлтүрүп алгандан кийин башаламандык башталды. Бул тууралуу RT жазды.
ЖМКлар жазгандай, улан жолдогу текшерүү маалында укук коргоочуларга каршылык көрсөткөндө атып өлтүрүлгөн. Аны аткан офицер кармалган, тартип сакчысына этиятсыздыктан адам өлтүрүп алганы үчүн айып тагылышы мүмкүн.
Социалдык тармактарда дароо нааразылыктар башталган. Ал эми кечинде топтолгондор өрт коюп, жарнама тактайчалары менен аялдамаларды талкалап, полиция менен кагышкан.
Нааразычылыкка чыккандар баррикада куруп, полиция кызматкерлерине таш менен өрт чыгуучу аралашмаларды ыргытышкан. Жооп катары аларга көздөн жаш агызуучу газ колдонулган. Кагылышта 9 киши кармалган.
АКШда ЛГБТ өкүлдөрү менен мектеп окуучуларынын ата-энелери мушташты. Видео