Мыкты уздардын эмгектери Нарындагы шырдак фестивалында көрсөтүлүүдө. Сүрөт

Фестивалга 70тен ашык кол өнөрчү келип, 300дөн ашык шырдак коюлду.
Sputnik
БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Бул күндөрү Нарын шаарынын кире беришиндеги As A Nomad этнокомплексинде "Кыргыз шырдагы XIII" эл аралык фестивалы өтүп жатат.
Фестивалга Япониянын, Өзбекстандын, Казакстандын элчиликтеринен, Маданият министрлигинен, Соода-өнөр жай палатасынан, Ага Хан өнүктүрүү уюмунан жана башка эл аралык уюмдардан өкүлдөр, республикабыздын бардык аймактарынан кол өнөрчүлөр, дизайнерлер, маданият жана искусство кызматкерлери, көркөм өнөр буюмдарын өндүрүү менен алектенген жеке ишкерлер келип катышууда.
1 / 10

Бул күндөрү Нарын шаарынын кире беришиндеги As A Nomad этнокомплексинде "Кыргыз шырдагы XIII" эл аралык фестивалы өтүп жатат.

2 / 10

Фестивалга Япониянын, Өзбекстандын, Казакстандын элчиликтеринен, Маданият министрлигинен, Соода-өнөр жай палатасынан, Ага Хан өнүктүрүү уюмунан жана башка эл аралык уюмдардан өкүлдөр, республикабыздын бардык аймактарынан кол өнөрчүлөр, дизайнерлер, маданият жана искусство кызматкерлери, көркөм өнөр буюмдарын өндүрүү менен алектенген жеке ишкерлер келип катышууда.

3 / 10

Маданий иш чара "Кыргыз шырдагынын" тарыхын камтыган видеотасма жана жети дубандан келген кол өнөрчүлөрдүн парады менен башталды.

4 / 10

Ошондой эле "Кыргыз шырдагы" фестивалынын аркасы менен Нарын облусу "Кийиздин мекени" наамын алууга жетишкендигин сыймыктануу менен белгилеп, шырдак фестивалын эл аралык деңгээлге жеткирген кол өнөрчүлөргө терең ыраазычылык билдирди.

5 / 10

Дубан жетекчиси "Кыргыз шырдагынын" 15 жылдыгын чоң масштабда өткөрүү планы туурасында айтып берди.

6 / 10

Нарын шаарынын кире беришиндеги As A Nomad этнокомплексинде "Кыргыз шырдагы XIII" эл аралык фестивалы өтүп жатат.

7 / 10

"Кыргыз шырдагы XIII" эл аралык фестивалы

8 / 10

"Кыргыз шырдагы XIII" эл аралык фестивалы

9 / 10

"Кыргыз шырдагы XIII" эл аралык фестивалы

10 / 10

"Кыргыз шырдагы XIII" эл аралык фестивалы

Маданий иш чара "Кыргыз шырдагынын" тарыхын камтыган видеотасма жана жети дубандан келген кол өнөрчүлөрдүн парады менен башталды.
"Элдик салттуу кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү, кол өнөрчүлүк менен алектенген ишкерлерди колдоо, алардын соода-экономикалык карым-катнашын арттырууга көмөктөшүү, туристтерди тартуу максатындагы маданий иш-чара Теңир-Тоо жергесинде 13-ирет катары менен өткөрүлүп жатканы биз үчүн чоң сыймык!" — деп белгилеген президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов фестивалдын ачылыш аземинде.
Ошондой эле "Кыргыз шырдагы" фестивалынын аркасы менен Нарын облусу "Кийиздин мекени" наамын алууга жетишкендигин сыймыктануу менен белгилеп, шырдак фестивалын эл аралык деңгээлге жеткирген кол өнөрчүлөргө терең ыраазычылык билдирди.
Дубан жетекчиси "Кыргыз шырдагынын" 15 жылдыгын чоң масштабда өткөрүү планы туурасында айтып берди.
Фестивалдын алкагында "Кыргыз шырдак", "Мурас шырдак" кароо-сынактары, "Жаш уздарды тандоо" сынагы, "Устат-шакирт" чебер-класстары уюштурулган. Мындан сырткары, улуттук тамак-аш, буюм-тайымдардын көргөзмөлөрү уюштурулуп, улуттук оюндардын үлгүлөрү, чоң программадагы майрамдык концерт көрсөтүлүүдө.
Туристтер үчүн Салкын-Төр аймагына экскурсия уюштурулган.
Фестивалга 70тен ашык кол өнөрчү келип, 300дөн ашык шырдак коюлду.
Бишкекте уздар чогулду. "Сайма – 2023" фестивалынан сүрөттөр