Президентке караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы илимий изилдөөгө басым жасайт. Бул тууралуу Урмат Аманалиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, окуу жай тажрыйба алмашуу, билимди тереңдетүү багытында Россия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Азербайжандын президенттеринин алдындагы башкаруу академиялары менен тыгыз иш алып барууда.
"Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы өзүнүн 30 жылдык тарыхында бир топ мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди даярдап чыкты. Мамлекеттик органдардын жана өз алдынча башкаруу органдарынын кадрдык потенциалын мындан ары карай өркүндөтүү максатында квалификацияны жогорулатуу ишине маани берилип жатат. Мындан тышкары, окуу жай тажрыйба алмашуу, билимди тереңдетүү багытында Россия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Азербайжандын президенттеринин алдындагы башкаруу академиялары менен тыгыз иш алып барууда. Президентке караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы илимий изилдөөгө басым жасап, бир топ ийгиликтер боло баштады", — деди Аманалиев.
Ошондой эле адис мамлекеттик башкаруу адистигине кызыккан жаштардын саны кескин өскөнүн кошумчалады.