Борбордо жана аймактарда Курман айт кантип белгиленди. Сүрөттөр

Бүгүн дүйнөдө мусулмандар үчүн чоң майрам болууда. Sputnik Кыргызстан даярдаган сүрөт түрмөктөн Курман айт Бишкек, Ош, Чолпон-Ата жана Нарында кантип белгиленгенин көрүңүздөр.
Sputnik
Президент Садыр Жапаров Курман айт намазын Чолпон-Ата шаарындагы мечиттен окуду. Бишкектин Эски аянтында окулган намазга министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, Бишкек мэри Эмилбек Абдыкадыров жана ЖК депутаттары катышты.
Башка аймактардагы Курман айт намаздары борбордук аянттарда жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.
Эреже боюнча, Курман айт Орозо айттан 70 күн өткөн соң белгиленет.
1 / 16

Президент Садыр Жапаров Курман айт намазын Чолпон-Ата шаарындагы мечиттен окуду

2 / 16

Жапаров элдин биримдигин бекемдөөгө себепчи болгон бул майрам мусулмандардын руханий казынасында өзгөчө орунду ээлей турганын айтты

3 / 16

Бишкектеги мал базар. Бул күнү курмандыкка кой алгандар көп болду.

4 / 16

Бишкектин Эски аянтында окулган намазга министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев келди

5 / 16

Таң эрте дин аалымдары баяндарын айтты

6 / 16

Мал базадардан кой алууга чет элдиктер да келди

7 / 16

Эреже боюнча, Курман айт Орозо айттан 70 күн өткөн соң белгиленет

8 / 16

Аты айтып тургандай эле Курман айтта кан чыгаруу керек

9 / 16

Нарындагы Курман айт намазына беш миңден ашуун киши келди

10 / 16

Бул майрам дүйнө жүзү боюнча белгиленип жатат

11 / 16

Аны утурлай муктаждарга жардам берилип, үйгө коноктор чакырылып, аманчылык тилешет

12 / 16

Башка облустарда дагы элдин көбү башкы аянтка жана мечиттерге чогулушту

13 / 16

Оштогу Курман айт намазына дагы он миңдеген адам келди

14 / 16

Оштун мэри Бакытбек Жетигенов шаар тургундары менен

15 / 16

Намазга бала-чакасы менен келгендер да болду

16 / 16

Ош шаарындагы жамаат менен окулган намаздын асмандан көрүнүшү

Тема боюнча:
Таң эрте тилек айтып, ниет кылып... Бишкектеги Курман айт намазынын видеосу