Байден Кытайдын "эбегейсиз көйгөйлөрү" тууралуу кеп кылды

Sputnik
БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. АКШнын президенти Жозеф Байден Кытайдын "ат көтөргүс көйгөйлөрү бар" деп, бирок аны тактап, дааналап айтып бере алган эмес. Бул туурасында РИА Новости Ак үйдү чагылдырып жүргөн журналисттерге шилтеме кылып жазды.
"Байден андан кийин Кытайга өттү да, аталган мамлекеттин "эбегейсиз көйгөлөрү бар экендигин" айтып, бирок майда-чүйдөсүнө чейин айтпай турганын кошумчалады", — деп алар шайлоо кампаниясына каражат чогултуу боюнча уюштурулган иш-чарада президенттин айткандарынан алып беришкен.
Буга чейин Кытайдын көйгөйлөрү жөнүндө айтып жатып, Байден экономикалык мүнөздөгү кыйынчылыктарды эске салган.
Блинкен: Байдендин "диктатор" Си Цзиньпин боюнча айтканы — АКШнын позициясы