Путин: "Вагнер" тобун толугу менен Россия өкмөтү каржылап келген

Аталган топко бир жылда эле миллиарддаган рубль төлөнгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. "Вагнердин" бардык тобу мамлекет тарабынан каржыланып келген. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин Коргоо министрлигинин жоокерлери менен жолукканда билдирди.

"Коргоо министрлиги, мамлекеттик бюджет тарабынан бул топту каржылап келгенбиз. 2022-жылдын май айынан 2023-жылдын майына чейин каржылык камсыздоо жана стимул берүүчү төлөмдөр үчүн мамлекет "Вагнер" компаниясына 86 миллиард рубль төлөдү", — деди россиялык лидер.

Анын айтымында, "Вагнерди" каржылоо мамлекеттин мойнунда болгон. "Конкорд" компаниясынын ээси "Военторг" аркылуу бир жылда 80 миллиард рубль тапкан. Ал армияга тамак-аш жеткирүү кызматын көрсөткөн.
"Иштин жүрүшүндө эч ким эч нерсе уурдаган жок, же уурдаса да азыраак уурдады деп ниет кылам. Бул боюнча албетте териштирүү болот", — деди РФ президенти.
Эскерте кетсек, 2023-жылы 24-июнга караган күнү "Вагнер" тобу Ростов-на-Дону шаарындагы Түштүк аскер округунун штабын басып алган. Мындай аракет Евгений Пригожиндин аталган топко Куралдуу күчтөрдүн соккусу тууралуу сөзүнөн кийин жасалган. Коргоо министрлиги да, ФСБ да муну дароо четке какты.
РФ президенти Владимир Путин "вагнерчилердин" кылыгын кылмыш деп атап, козголоң уюштурганы үчүн Пригожинге каршы иш козголгон. Кийинчерээк Беларусь президентинин маалымат кызматы Александр Лукашенко Пригожин менен сүйлөшүп, "Вагнер" тобунун Россия аймагында ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча макулдашканын кабарлады. Ошол эле күнү кечинде РФ лидеринин маалымат катчысы Дмитрий Песков Пригожин Беларуска кетип, кылмыш иши токтотуларын билдирип, буга Россия президентинин сөзү кепил экенин айткан. 27-июнда иш токтотулганы белгилүү болду.
Жарандык согушту токтоттуңар. Путин аскерлерге ыраазычылык билдирди