БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Telegram мессенджери жакында, июлдун башында, колдонуучуларына stories (окуя, тарых) кошот. Бул тууралуу түзүмдүн негиздөөчүсү Павел Дуров Telegram-каналына жазганын РИА Новости кабарлады.
Бул функция чаттар тизмесинин өйдө жагына жайгашат.
Ал бир нече жыл бою колдонуучулар Telegram ичинде stories (сторис) кызматын коюп берүүнү суранып келгенин айткан.
"Башында буга каршы болгонбуз, себеби мындай нерсе көп жерде бар. Бирок колдонуучуларыбызды укпасак, Telegram аянтчасы Telegram болбой калбайбы... Андыктан жакында Telegram форматындагы stories фунциясын иштетебиз. Бул жаңы эранын башталышын кабарлайт, ал азыркысына караганда алда канча көңүлдүү, элге жакын болмокчу", — деп жазды Дуров.
Анын айтымына караганда, коюлган тарыхты (окуяны) ким көрө аларын так, даана аныктап алууга болот. Алар: баары, сакталып коюлгандар, сакталгандардын ичинен тандалган бир нече адам же жакын достор.
"Тарых (stories) сиздин чаттын өйдө жактагы кең бөлүгүндө. Бул аны тез таба тургандай, көп жерди ээлебегендей кылат. Экранды ээлетпей стористи "Контакты" бөлүмүндөгү "Скрытые" тизмесине оңой эле жашырып койсо да болот", — деген Дуров.
Сүрөт, видеону редакциялоодо ондогон кубаттуу инструменттерден сырткары сториске жазууларды кошууга болот. Ал контекст менен шилтемелерди кошуп, башка адамдарды белгилөөгө мүмкүнчүлүк берери айтылды.
Дуровдун белгилешинче, Telegram мессенжеринин командасы бир эле учурда аппараттын алдыңкы жана арткы камерасы менен тартылган видео жана сүрөттү жарыялоо мүмкүнчүлүгүн кошот.
"Силер стористин мөөнөтү качан бүтөрүн өзүңөр тандап коюп алсаңар болот. Ал 6, 12, 24 же 48 сааттан кийин өчөт. Же өзүнүн баракчасынын бетинде жекеме настройкалар аркылуу ар бир киши конфиденциалдуу түрдө чагылдырып алса болот", — деп кошумчалаган ал.
Андан сырткары, баракчанын бетинде окуяны (стористи) сактап коюу мүмкүнчүлүгү жаралат. Бул Telegram профилин кызыктуу кылат.
"Сиз эң жакын байланыштарыңыздан көбүрөөк мазмундуу контентти гана көрө албастан, тайпада же каналдагы комментарийдеги акыркы колдонуучулар жөнүндө көбүрөөк маалымат аласыз", — деп жыйынтыктаган Дуров.