БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Россиянын Самара облусундагы федералдык трассада болгон жол кырсыгынан алты киши каза болду. Алдын ала маалыматтар боюнча, алар —Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандары. Бул тууралуу РФ Жол инспекциясынын регионалдык башкармалыгынын жетекчиси Юрий Некрасовго таянуу менен РИА Новости жазды.
Түндө болжол менен саат 1:30дарда А-300 жолунун 109-чакырымында Honda Stepwgn менен Hyundai Elantra кагышып, натыйжада алты адам каза болгону, дагы 8 киши ар кандай жаракаты менен ооруканага жеткирилгени айтылган. Ыкчам кызматтар көз жумгандар менен жабыркагандар алдын ала маалымат боюнча Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандары экенин кабарлашкан. Прокуратура авария фактысы боюнча текшерүү баштады.
"Жол кырсыгына Hyundai Elantra автоунаасынын каршы тилкеге чыгышы себеп болгон. Аны Кыргызстандын жараны айдап бара жаткан", — деди Некрасов.
Кырсыктын кесепетинен жеңил унаанын айдоочусу төрт жүргүнчүсү менен, ошондой эле минивэндеги бир киши каза тапкан. Honda машинасынын айдоочусу менен жети жүргүнчүсүнө медициналык жардам көрсөтүлүүдө.