ТИМ: Самарадагы кырсыктан каза болгон алты кишинин экөө кыргызстандык

20-35 жаштын ортосундагы алты киши жаракат алган. Полиция кырсыктын эмнеден болгонун тактап жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Россиянын Самара облусундагы федералдык трассадагы автокырсыктан каза тапкандардын экөө — Кыргызстандын жарандары. Бул туурасында ТИМден кабарлашты.
Көз жумгандар 31 жаштагы эркек, 44 жаштагы аял болгон. ТИМ алардан сырткары төрт өзбекстандык каза тапканын кошумчалады.
Булардын сырткары, 20-35 жаштын ортосундагы жети киши жаракат алган. Полиция кырсыктын эмнеден болгонун тактап жатат. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги кырсыктагандарга укуктук жактан жардам көрсөтүп, көз жумгандардын сөөгүн мекенине жеткирүү боюнча иштеп жатканы айтылды.
Эске салсак, түндө болжол менен саат 1:30дарда Россиянын Самара облусундагы федералдык трассасында — А-300 жолунун 109-чакырымында Honda Stepwgn менен Hyundai Elantra кагышып, адам өмүрү кыйылганы кабарланган.
Бишкек — Ош жолундагы таңкы кырсык 6 адамдын өмүрүн алып кетти. Видео