БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Күч структуралары жарандык согушту токтотуп калды. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин билдирди.
Кремлдин Собор аянтчасында РФ башчысы аскердик козголоң учурда тартипти камсыздаган күч ведомстволорунун бөлүмдөрүнө кайрылды.
"Оңой эмес учурда силер уюшкандык менен Россиянын элине, аскердик антыңарга берилгениңерди тастыктап, мекендин тагдырын жана келечегин коргоодо жоопкерчиликтүү мамиле жасадыңар", — деди өлкө башчы.
Путиндин айтымында, эл менен армия козголоңчулардын тарабына өткөн жок. Козголоңду басууда аскерлердин чечкиндүүлүгү жана эрдиги чечүүчү ролду ойноду.
Ал ошондой эле окуя болгон кезде атайын операция жүрүп жаткан аймактагы жоокерлерди чакыртууга муктаждык болбогонун белгиледи.
Россиянын лидери 24-июнда курман болгон учкучтар өз милдетин аткарганын айтып, бир мүнөттүк аза күтүү жарыялады.
Эскерте кетсек, 2023-жылы 24-июнга караган күнү "Вагнер" тобу Ростов-на-Дону шаарындагы Түштүк аскер округунун штабын басып алган. Мындай аракет Евгений Пригожиндин аталган топко Куралдуу күчтөрдүн соккусу тууралуу сөзүнөн кийин жасалган. Коргоо министрлиги да, ФСБ да муну дароо четке какты.
РФ президенти Владимир Путин "вагнерчилердин" кылыгын кылмыш деп атап, козголоң уюштурганы үчүн Пригожинге каршы иш козголгон. Кийинчерээк Беларусь президентинин маалымат кызматы Александр Лукашенко Пригожин менен сүйлөшүп, "Вагнер" тобунун Россия аймагында ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча макулдашканын кабарлады. Ошол эле күнү кечинде РФ лидеринин маалымат катчысы Дмитрий Песков Пригожин Беларуска кетип, кылмыш иши токтотуларын билдирип, буга Россия президентинин сөзү кепил экенин айткан. 27-июнда иш токтотулганы белгилүү болду.