ТИМ: Россия кыргызстандыктарга өз ЖОЖдорунан 1000 орун бөлүүнү пландоодо

Орундардын айрымдарын орто кесиптик билим берүү мекемелерине бөлүү макулдашылды.
Sputnik
БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Россия кыргызстандыктарга ЖОЖдорунан 1000 орун бөлүүнү пландоодо. Бул тууралуу Кыргызстан менен Россиянын тышкы иштер министрлеринин орун басарларынын кезектеги кеңешинде маалым болгонун КР ТИМи билдирди.
Жолугушуу бүгүн, 27-июнда, Москвада өттү. Кыргызстандык делегацияны тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев, россиялык делегацияны тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин жетектеди.
“Орундардын айрымдарын орто кесиптик билим берүү мекемелерине бөлүү мүмкүнчүлүгү боюнча макулдашуу болду”, — деп билдирди КР ТИМи.
Тараптар эки өлкө кызматташтыгынын саясий, экономикалык жана гуманитардык маселелерин талкуулады.
“Россиялык тарапка өнөр жай кооперациясынын биргелешкен долбоорлорун ишке ашыруу, анын ичинде Кыргызстанда дүң соода борборлорун түзүү маселелерин карап чыгуу сунушталды”, — деп айтылат маалыматта.
Тараптар ошондой эле эл аралык жана аймактык уюмдардын алкагында, анын ичинде БУУ, КМШ, ШКУ жана ЕАЭБ аркылуу мамлекеттердин өз ара мамилесин талкуулашты. Аймактык коопсуздук маселелери, ошондой эле эл аралык күн тартибиндеги айрым актуалдуу маселелер да каралды.
Майлы-Суу чакан ГЭСин куруу пландалууда. Долбоордун баасы 35 млн. долларды чапчыйт