Ар бир ишкана иштеп баштаганда эң алгач кызматкерлерин өрт коопсуздугу боюнча эрежелер менен тааныштыруусу зарыл экендигин Хажимжан Абдрахманов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ар бир киши иштеген жеринде өрттү алдын алууга жоопкерчилик менен мамиле жасашы керек.
"Ар бир имарат курулуп жатканда туура жайгашуусу маанилүү. Салынуучу объект эрежелерди сактоого милдеттүү. Ар бир мекеме өзүнө жараша аралыкты сактоого тийиш. Кошуна жайгашкан имаратта өрт чыккан маалда жанындагы мекемелерге өрт өтүп кетпеши керек. Айрымдар курулушту эч кандай эрежелерди эске албай баштап алып, 4-5-кабатка келгенде анан бизге кайрылышат. Өзү билемдик менен 12 кабаттуу үйлөрдү куруп алгандар да бар. Ошондуктан курулуш иштерин баштоо алдында сөзсүз эрежелерди билип алуу зарыл. Муну менен катар эле ишкана иштеп баштаганда эң алгач кызматкерлерин өрт коопсуздугу боюнча эрежелер менен тааныштыруусу зарыл. Андан ар бир киши жок эле дегенде мекеменин ичинде тамеки тартса болбой турганын үйрөнө алат", — деди ӨКМ өкүлү.
Ал ошондой эле ар бир ишканада өрт өчүргүч шаймандар жана кошумча эшиктер болуш керектигин кошумчалады.