MegaCom компаниясынын мурдагы башчысы кармалды

Компаниянын жооптуу адамдары жеке компаниялар менен алдын ала сүйлөшүп алып мыйзамсыз иштерди кылганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Mega компаниясынын мурдагы башчысы Азат Базаркулов кармалганын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Ага ылайык, "Альфа Телеком" ЖАКтагы сатып алуулар системасында мыйзам бузуу фактылары аныкталган.
"Компаниянын жооптуу адамдары жеке компаниялар менен алдын ала сүйлөшүп алып, алар үчүн жеңилдетилген шарттарды даярдап, тендерлерде көп учурда ошол компаниялар ута тургандай кылып турушканы аныкталды. Иштин жүрүшүндө тиешелүү экспертизалар дайындалып, сатып алынган техниканын баасы жогорулатылганы, анын натыйжасында мамлекетке миллиондогон зыян келтирилгени такталды", — деп айтылат маалыматта.
Алынган далилдердин негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренеси ("Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу") менен Азат Базаркулов кармалып, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
"Токмок суу канал" ишканасынын жетекчи орун басары кармалды