2016-жылдан баштап графикалык дизайнер катары эмгектене баштаган Нурсеит Насиров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып графикалык дизайнер бул чыгармачылыкка жакын кесип экенин белгиледи.
Анын айтымында, дизайнер болуу үчүн сүрөттү мыкты тартуу жетишсиз.
"Көпчүлүк графикалык дизайнерлер табиятынан сүрөт тартууга шыгы бар болушат. Мен дагы кичинемен эле мектепте дубал гезит, эмблемаларды чиймелеп, сүрөт тартып жүрчүмүн. Негизи графикалык дизайнер деген кесип бар экенин билчү эмесмин. Жогорку окуу жайга тапшырарда кино тармагына ыктап жүрдүм. Апам бүтүрүүчү кезимде интернеттен 10-20 жылдан кийин да актуалдуу боло турган кесиптерди изилдеп, кесипке багыт берди. Мага ылайыктуусу графикалык дизайнер адистиги экен. Негизи сүрөт тарткан баланы ата-энелер "олуттуураак иш меген алектен, экономист же юрист бол" деп анын жөндөмүн, каалоосун көз жаздымда калтырып, кызыкпаган адистикке окутуп салышат. Бул анын келечекте өзүн таап кетишине тоскоолдук жаратып, баланы кыйнайт. Чоӊдорго баланы тыйбай жөндөмүнө жараша кесипке ээ болуусуна шарт түзүп берүүгө чакырат элем. Ал эми мыкты дизайнер болуу үчүн сүрөттү мыкты тартуу эле жетишсиз. Акыркы чыгып жаткан программалар менен иштеп, жаӊы ыкма, жаӊы шрифттерди колдонуп, тренддерден артта калбоо зарыл. Соӊку мезгилде дизайнерлерге болгон талап, ошону менен бирге атаандаштык күчөдү. Дизайнерлер логотип тартып, баннерлерди жасап түрдүү тармактарда эмгектенишет. Суроо-талапка ээ болгон дизайнер болуу үчүн алгач өз атын чыгарганга аракет кылуу зарыл. Кардарлар дизайнерди жасаган эмгегин карап тандайт. Мисалы, мен башында түрдүү логотиптерди жасап, элдин көӊүлүн ар бир облуска тиешелүү Кыргызстандын кооз жерлеринин иллюстрацияларын тартуу менен бура алдым", — деди Насиров.
Ал бизнестин же долбоордун ийгилиги дизайнерлерден көз каранды экенин кошумчалады.