БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Өлкөдө суроо-талап жогору болуп жаткан кесиптер: компьютер оператору, ашпозчу, косметолог, чачтарач, маникюр чебери, укалоочу, котормочу, эсепчи, тигүүчү, айдоочу, электрик, газ ширетүүчү, слесарь-сантехниктер. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдады.
Билдирмеге ылайык, ушул жылдын беш айында, январдан июнга чейин иш менен камсыз кылуунун аймактык кызматтары тарабынан министрликтин кесиптик окутууларына 2 700 адам жөнөтүлгөн.
"Жумушсуз жарандарды окутуу негизинен эмгек рыногунда талап кылынган кесиптерде жүргүзүлдү. Окутуу акысыз жана ага стипендия каралган", — деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, жыл башынан бери министрликтин райондук жана шаардык иш менен камсыз кылуу кызматтары тарабынан 6 100 адам ишке орноштурулган.