БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Бишкектин чок ортосу 28-июнда жана 1-июлда жабылат.
Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдиргендей, 28-июнь күнү Эски аянтта Курман айт намазы окулат.
02:00дөн 09:00гө чейин жабыла турган көчөлөр:
Фрунзе көчөсүнүн Панфиловдон Тыныстановго чейинки бөлүгү;
Чүй проспектисинин Тыныстановдон Панфиловго чейинки бөлүгү;
Тыныстанов көчөсүнүн Чүйдөн Фрунзеге чейинки бөлүгү;
Панфилов көчөсүнүн Чүйдөн Фрунзеге чейинки бөлүгү.
ЖКККББ айдоочуларды бул убакыт аралыгында аталган көчөлөргө автоунааларды токтотпоого чакырат.
Бишкек мэриясы "Ала-Тоо" аянты 1-июль күнү да саат 18:00дөн 00:00гө чейин жабыларын кабарлады. Чектөө Чүй проспектисинин Панфиловдон Эркиндикке чейинки бөлүгүнө киргизилет.
Бул күнү Бишкектин чок ортосунда "Чек талап кылып, байге утуп ал" лотереясы ойнотулат.