БАЭдеги асман тиреген үйдөн өрт чыкты. Кырсыктын видеосу

Жалын каптаган турак жай комплекси 36 кабаттуу он эки имараттан турат.
Sputnik
БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Бириккен Араб Эмирлигинин өрт өчүрүүчүлөрү Ажман эмират-шаарындагы асман тиреген көп кабаттуу үйдүн бардык кабатын каптаган өрттү өчүрүштү. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Кырсыктын видеосун агенттик Telegrem-каналга жарыялады. Өрт өчүрүүчүлөр тилсиз жоо менен түнү бою күрөшкөн.
Жалын Ajman One Tower турак жай комплексин каптаган. Ал 36 кабаттуу 12 имараттан турат жана ар биринде үч миңге чукул аппартаменттер жайгашкан. Видеодон көп кабаттуу бийик үйдүн бир капталы толугу менен күйүп бүткөнүн көрүүгө болот. Кырсыктан жабыркагандар тууралуу маалыматтар айтыла элек.
Агенттик түнкүсүн да ошол аймакта абанын температурасы +35 градустан түшпөй жатканын жазды.
Дубайда көп кабаттуу үйдөн өрт чыгып 16 адам каза болду