Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украина колдонгон америкалык сооттолгон техника олжолонду. Видео

Видеодон талаада топтун башында келе жаткан Oshkosh минага кабылганын көрүүгө болот.
Sputnik
БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Тынч океан флотунун деңиз аскерлеринин 40-бригадасынын жоокерлери Түштүк-Донецк багытында украиналык Куралдуу күчтөргө тиешелүү сооттолгон америкалык Oshkosh автоунаасын колго түшүрдү.
Анын видеосун Sputnik Ближнее зарубежье Telegram-каналы жарыялады.
Видеодон талаада топтун башында келе жаткан Oshkosh техникасынын минага кабылганын көрүүгө болот.
Жоокерлер талкаланган техниканы согуш талаасынан сүйрөтүп чыгышкан. Маалыматта аскерлер бул олжону же өздөрүнүн керектөөсү үчүн колдонору же аны карап, үйрөнүү үчүн тиешелүү жактарга жиберишери айтылган.
Буга чейин да Россиянын "Восток" тобундагы аскерлери атайын операция жүрүп жаткан жерлердин эки багытында Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн сооттолгон 50 техникасын талкалап, иштен чыгарган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин: иш күнүм атайын операциянын маселеси менен башталып, ушуну менен бүтөт