Доллар арзандады. Бишкектеги 27-июнга карата маалымат

Sputnik Кыргызстан күйүүчү май, валюта курсуна баам салып, кескин өзгөрүү болсо жарыялап турат.
Sputnik
БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда доллар менен евронун наркы түшүп, май куюучу бир катар бекеттерде баа көтөрүлдү, алтын куймалар арзандады.
Дүйшөмбүдөгү эртең мененки маалга салыштырмалуу бүгүн доллардын сатып алган баасы — 9, ал эми саткан наркы 19га тыйынга ылдыйлаган. Долларды банктан сатып алганда 87-87,4 сом, сатканда 87,75-88,2 сом арасында болуп жатат.
Евро эки тыйынга арзандады. Рубль менен теңгеде өзгөрүү жок.
"Роснефть" тармактарында бензиндин Аи-92 жана Аи-95 түрлөрү 45 тыйынга "секирди", дизель майдын баасы мурдагы калыбында турат. Алтын куймаларда өзгөрүү бар, мисалы, 100 граммдыктары 2000 сомго арзандады. 10 граммдыктарынын баасы мурдагысындай эле турат.
Улуттук банктын алтын кору 2,4 миллиард сомго төмөндөдү