Түндүк Корея: Корей жарым аралы "өзөктүк согуштун чегине" жакындап калды

Изилдөөдө жарым аралдагы согуш тез арада эле дүйнөлүк жана термоөзөктүк согушка айланып кете турганы боюнча эскертүү бар.
Sputnik
БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Корея Элдик Демократиялык Республикасы АКШ менен Түштүк Кореяны жарым аралындагы абалды "өзөктүк согуштун чегине" жеткирип жатканы үчүн күнөөлөдү. Бул тууралуу РИА Новости Ренхап агенттигине шилтеме берип жазган.
Кореянын Тышкы иштер министрлигинин Американы изилдөө институтунун изилдөө отчётунда Корей жарым аралындагы жана Түндүк-Чыгыш Азиядагы аскердик чыңалуу 1950-53-жылдардагы Корея согушу башталганга чейинки түн менен салыштырылган. АКШ менен Түштүк Корея "жөөлүгөн антикоммунисттик аскердик тирешүүгө" жана "риторикалык коркутууларга" айыпталууда.
"АКШнын согуштук аракеттери Корей жарым аралындагы жана Түндүк-Чыгыш Азиядагы аскердик курчуган кырдаалдын жаралышына түрткү болду, алар өзөктүк согушка жакындаткан олку-солку абалга туш болушту", — деп айтылган отчётто.
Изилдөөлөр боюнча отчётто жарым аралдагы согуш "тез арада эле дүйнөлүк жана термоөзөктүк согушка айланып кетери жана кесепети оңдурбай турганы" боюнча эскертүү бар. Мындай кырдаалдын аймакка жана жалпы эле дүйнөгө терс таасирин тийгизери, туруксуздукту жаратары айтылган.
Түндүк Корея ТИМи өзөктүк курал эмне үчүн керектигин түшүндүрдү