БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Куралдуу көтөрүлүш уюштурганы үчүн Евгений Пригожинге каршы кылмыш ишин козгоо токтоп калган жок. Бул тууралуу РФтин Башкы прокуратурасындагы маалымат булактар билдиргенин РИА Новости жазды.
"Пригожинге каршы кылмыш ишин козгоо токтотулган жок", — деген ал адам агенттикке маалыматты дүңүнөн берип.
Эскерте кетсек, 2023-жылы 24-июнга караган күнү "Вагнер" тобу Ростов-на-Дону шаарындагы Түштүк аскер округунун штабын басып алган. Мындай аракет Евгений Пригожиндин аталган топко Куралдуу күчтөрдүн соккусу тууралуу сөзүнөн кийин жасалган. Коргоо министрлиги да, ФСБ да муну дароо четке какты.
РФ президенти Владимир Путин вагнерчилердин кылыгын кылмыш деп атап, козголоң уюштурганы үчүн Пригожинге каршы иш козголгон. Кийинчерээк Беларусь президентинин маалымат кызматы Александр Лукашенко Пригожин менен сүйлөшүп, "Вагнер" тобунун Россия аймагында ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча макулдашканын кабарлады. Ошол эле күнү кечинде РФ лидеринин маалымат катчысы Дмитрий Песков Пригожин Беларуска кетип, кылмыш иши токтотуларын билдирип, буга Россия президентинин сөзү кепил экенин айткан.