Радио

Акунов: Кыргызстанда чакан ГЭС куруу бир топ жеңилдетилди

"Камбар-Ата-1 гидроэлектростанциясы" ЖАКтын директору Чоробай Акунов акыркы учурда кичи гидроэлектростанцияларын курууну каалаган ишкерлердин саны көбөйүп жатканын айтты.
Sputnik
Кыргызстанда чакан ГЭС куруу бир топ жеңилдетилип, ишкерлер үчүн бардык шарттар каралып жатат. Бул тууралуу Чоробай Акунов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, энергетикадагы кубаттуулукту көбөйтүү маселеси курч тургандыктан, кайра жаралуу булактардан энергия алуу, чакан ГЭС куруу иштерин улантуу керек.
"Кыргызстан энергетикалык кризисти башынан кечирип жатат. Тилекке каршы, Казакстан, Түркмөнстандан электр энергиясын импорттоп жатабыз. Бизде гидроэнергетикалык потенциал абдан жогору. Өлкө башчы да кытай ишкерлерин жана башка ири инвесторлорду ГЭС куруу боюнча ири долбоорлорго катышууга чакырды. Учурда республиканын дээрлик бардык облусунда чакан ГЭСтердин курулушу жүрүп, бул тармакка кызыккан ишкерлердин саны көбөйүп баратат. Эң негизгиси баа саясатын тууралап, жер маселесин чечип, шарт түзүп бериши абзел. Мындай тенденция ири ГЭСтердеги сууну башкарууга, үнөмдөөгө жакшы мүмкүнчүлүк болот. Бул жагынан жеңилдиктер бир топ жакшырды", — деди Акунов.
Ошондой эле адис Кыргызстандагы ири ГЭСтердеги жабдыктарды алмаштыруу, модернизациялоо иштери жүрүп жаткандыгын кошумчалады.