30-июнда "Асман" шаарынын курулушуна старт берилет. С. Жапаров капсула салат

Эскиздерге караганда, экошаар "Ысык-Көл" аэропортунан анча алыс эмес жерге курулат.
Sputnik
БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Ысык-Көл облусунда 30-июнда экологиялык "Асман" шаарынын курулушуна старт берилет. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.
Анын айтымында, ири долбоордун курулушуна президент капсула салат, андан ары жумуш башталат. Орунбеков "Асманды" Дубай менен салыштырды.

"Бул долбоор жарыяланганда эч ким ишенген эмес. Ал тургай шакаба, күлкү кылып дагы айтып, жазып жатышты. Салыштырып айтып кетким келет. Бүткүл дүйнө эли кызыккан, туристтер агылып барган Дубай шаары чөлгө, эч кандай шарты жок жерге инвесторлордун жардамы менен курулган. Ал эми биздин "Асман" шаары – төрт мезгили бар, ажайып кооз, ак мөңгүлүү тоолордун курчоосундагы Ысык-Көлдүн жээгине түшөт. Президент Садыр Жапаров баштаган ишин сөзсүз аягына чыгарат. Убакыт учкан куш. Бүт дүйнөнүн эли агылып келе турган Борбор Азияда шаар пайда болот, ал – Асман!" — деди ал.

Эскиздерге караганда, экошаар "Ысык-Көл" аэропортунан анча алыс эмес жерге, Көлдүн түштүк жагына (Кош-Көл менен Чырпыкты айылдарына жакын) курулат.
"Асман" шаарын куруу боюнча дирекция президенттин Иш башкармалыгына өттү