Иркутскиде кыргыздар менен тажиктердин ортосунда массалык мушташ чыкты

Учурда беш кыргызстандык жабыркаганы белгилүү.
Sputnik
БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Иркутск облусунда Кыргызстан менен Тажикстандын 500дөн ашык жараны катышкан массалык мушташ болгонун КР ТИМи билдирди.
Маалыматка караганда, окуя облустагы Ковыкта газконденсат кенинде болгон.
Кыргызстандын элчилиги жабыркаган беш кыргызстандык менен байланышты. Алар түрдүү жаракат алып, бири ооруканага жаткырылды.
Укук коргоо органдары ыкчам тергөө амалдарын жүргүзүүдө.
Жерине элчиликтин Иркутскидеги канцеляриясынын консулу кыргызстандыктарга укуктук жардам көрсөтүп, жергиликтүү укук коргоо органдары менен жолугуу үчүн чыгып кетти.
Милиционерлер аралашкан мушташ. ШИИБ шектүүлөрдү кармаган видеону жарыялады