Бишкекте эпидемиологиялык кырдаал курчуп, ооруканага кайрылгандар көбөйдү

Дарыгер күч алган ооруларды тизмектеп берди.
Sputnik
БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Бишкекте эпидемиологиялык кырдаал курчуп, ооруканага кайрылгандар көбөйдү. Маалыматты Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Азый Шайымбетов тастыктады.
Анын айтымында, адатта күнүнө 170ке чукул бейтап кайрылса, учурда бул көрсөткүч 320га жетүүдө.
Дарыгер күч алган ооруларды тизмектеп берди:
кызылча;
суу чечек (ветрянка);
энтеровирустук инфекциялар;
курч ичеги инфекциялары;
көк жөтөл.
Министрлик кош бойлуулуктагы коркунучтуу учурларды тизмектеди