Глобалдуу жаңжалга жол бербейт деген үмүт менен түзүлгөн БУУ. Архивдик видео

Сталин БУУга СССР менен кошо Украина жана Беларусь ССРин кошо киргизип кеткен.
Sputnik
БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. 1945-жылдын 26-июнунда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) уставына 50 мамлекеттин өкүлү кол койгон.
Ошол кезде БУУ глобалдык жаңжалга жол бербейт деген чоң үмүт бар эле.
Документ Сан-Францискодо өткөн эл аралык конференцияда кабыл алынган. Ага 50 мамлекеттин өкүлү кол койгон. Конференцияны чакыртуу жөнүндөгү чечим Сталиндин, Рузвельттин жана Черчиллдин Ялтадагы жолугушуусунда кабыл алынган. Ошол кезде Сталин БУУга СССР менен кошо Украина жана Беларусь ССРин кошо киргизип кеткен. Буга алардын Улуу Ата Мекендик согушта эң көп жабыркаган аймак экенин жүйө кылган. СССРдин атынан уставга болочок тышкы иштер министри Андрей Громыко кол койгон. Учурда БУУга 193 мамлекет мүчө.
Небензя БУУну Буча менен "Түндүк агымдагы" катаны кайталабоого чакырды