Блинкен: Байдендин "диктатор" Си Цзиньпин боюнча айтканы — АКШнын позициясы

Мамлекеттик катчы Кытай туурасында сөз болгондо "АКШ кытайлыктарга жакпай турган нерселерди айтып жана жасай турганы түшүнүктүү" экендигин кошумчалаган.
Sputnik
БИШКЕК, 26-июн. – Sputnik. АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен президент Жозеф Байдендин Кытай лидери Си Цзиньпинди "диктатор" катары мүнөздөп, кеп кылганын танган жок. Бул тууралуу РИА Новости Блинкендин CNN телеканалына берген маегине таянып жазды.
"Президент так жана ачык айтты. Мен бул кишинин кол алдында 20 жылдан бери иштеп келе жатам, ал баарыбыздын атыбыздан айтып жатат", — деп жооп берген Блинкен шефи сыяктуу эле ал дагы Си Цзиньпинди "диктатор" катары эсептейби же жокпу деген суроосуна.
Мамлекеттик катчы Кытай туурасында сөз болгондо "АКШ кытайлыктарга жакпай турган нерселерди айтып жана жасай турганы түшүнүктүү, ал эми беркилер да Вашингтондун ичи чыкпай тургандарды жасап жана айта турганын" кошумчалаган.
Өткөн аптада Байден кытай аэростатынын атып түшүрүлүшү боюнча комментарий берип жатып азыркы суроого себеп болгон нерсе жасаган. Кытайлык кесиптеши аталган окуя туурасында тиешелүү түрдө маалыматы болбогондугун жана катуу жини келгендигин, себеби мындай нерсе "диктаторлор үчүн бир топ эле конфуз" экендигин айткан. Байден бул пикирин АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен АКШдан келгенден кийин билдирген.
Кытайдын ТИМи америкалык тараптын мындай сөзү жоопкерчиликсиз кадам экендигин, бул дипломатиялык этикетти бузуп, ачык саясий чагымчылык жасарын белгилеген.
Кытай элчилиги: Байдендин Си Цзиньпин тууралуу сөзүнүн кесепети оор болот