Беш жашка чейинки балдарга күнгө күйүүгө болбойт. Мындай пикирин Элнура Абылкасымова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, балдарды витамин алат деп күнгө отургузган туура эмес.
"Бизде пляждарга көпчүлүк ата-энелер балдары менен барып, күнгө отургузуп коюшат. Бул таптакыр туура эмес. Балдарды беш жашка чейин мүмкүн болушунча күнгө күйдүрбөгөнгө аракет кылыш керек. Эгер пляжга чогуу алып барыш керек болуп, башка чара жок болуп жатса саат 11:00дон 16:00го чейин балдарды номерге эле калтырып койгон оң. Күн катуу тийип турган учурда балдарды күнгө чыгаруу сунушталбайт. Эгер бөбөктөрдү пляжга алып бара турган болсоңуздар сөзсүз түрдө зонт алып, күндөн сактаганга аракет кылыш керек", — деди онкодерматолог.
Ал күндөн коргоочу кремдерди төрт мезгил бою колдонуу зарыл экенин кошумчалады.